Жантөрө Сатыбалдиев: “Кумтөр” боюнча үлүштү 50 пайыздан ашыра албайм деп былтыр эле айткам”
“Кумтөр” боюнча үлүштү 50 пайыздан ашыра албайм” деп 2013-жылдын октябрь айында эле айткам”,- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Ата Мекен” фракциясынын 31-январдагы жыйынында. Айтымында, үлүштү 50 пайыздан ашырууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок.
“Мен жаңы келишим алып келем” деп сиздерге убада берген эмесмин. Бир катар толуктоолор менен жаңы долбоорду алып келдик”,- деди өкмөт башчы.
Депутат Ташполот Балтабаев: “Кумтөр” маселесин чече албаса, өкмөт алына жараша иш кылсын. Колдон келбесе ордуңарды иштей ала тургандарга бошотуп бергиле”,- деди. Айта кетсек, жыйында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун кароо уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
-2
-2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















