super.kg logo

“Москва-1980” Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев: “Олимпиадада мен көрсөткөн көрсөткүчтү 3 киши көргөздү. Бирок мен жеңдим”

 
Күн ал үчүн дал ушундай сүрөттөлүштө башталат. Суукка карабай чуркап, кези келсе карга бетин жууп алат.
"Машыктыруучум Семен Иткиндин спорт тууралуу түшүнүгү терең болчу. Ал менин келечегимди машыгып баштаган алгачкы күндөрдө эле көрүп койсо керек".
Устатым менин өткөн жылдын 19-ноябрында орун алган 60 жылдык кечеме келип, сүйүндүрдү.
Олимпиаданы утуп келгенден кийин кадыр-барк күттүм. Бирок, ал кадыр-баркты кол менен алып жүргөндү билиш керек.
Олимпиаданы утуп келгенден кийин кадыр-барк күттүм. Бирок, ал кадыр-баркты кол менен алып жүргөндү билиш керек.
Менин Олимпиаданы, Дүйнө чемпиондугун жана Европа чемпиондугун жеңгеним гана айтылып жүргөнү өкүндүрөт. Студенттер арасында, жаштар арасында жана Кыргызстандын ичинде жетишкен жетишкендиктерим көп эске алынбайт.
Машыгуу учурунда...
Балалыкты эстеп...
Элеттик жашоо мага жакын. Айылга барганда жөө жалаңдап тоого чыкканды, кана-кана кымыздан жутканды жактырам.
Азыр да айылдарга барып, мектептерге спорттук жабдыктарды алып барып берип турам. Жакынкы пландарымдын бири өзүм туулган Бейшеке айылында оор атлетика боюнча мелдеш уюштуруу...
Мен адатта эфирге чыгуудан каччумун. Теле аркылуу, гезит-журналдар жана интернет сайттар аркылуу өз сөзүмдү айтып, спортко кызыккандарга багыт беришим керек экенин түшүндүм.
60 жылдык салтанатта мен сахнада отурдум. Эл толо келди. Ошондо "энем ушул жакшылыгымды көрүп калса эмне" деп ичим ысып, көзүмө жаш алдым.
Учурда Оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс мектебинде директорлук кызматты аркалап жатам. Пенсияга чыкканга чейин дагы бир топ пландарым бар.

Жетишкендик, ийгилик тууралуу көп сөздөр айтылат. Оор атлетика боюнча “Москва-1980” Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, Дүйнөнүн 4 жолу, Европанын 2 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен баарлашып отуруп, “жетишкендик – адамдын күн сайын аткарган ишинин жыйындысы” деген ойго жетелендик.

 

Туулган жери – Кемин району, Бейшеке айылы. 

Туулган жылы, күнү – 1953-жыл, 19-ноябрь.   

Билими – Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. 

Хоббиси – Балык уулоо, аңчылыкка кызыгат. 

Үй-бүлөлүү. Эльвира, Венера, Нурзат аттуу кыздары, Мирлан, Чынгыз, Урмат, Тынчтыкбек аттуу уулдары бар. 17 неберенин чоң атасы жана таятасы.

   

 “ЭРТЕ ТУРСАҢ, ӨМҮР БОЮ ЖАКШЫЛЫК КӨРӨ ТУРГАНЫҢ ОШОНДО...”

60 жашты багындырган Каныбек Осмоналиевич таң заардан туруп чуркоону кичинесинен калыптандырган. Ал таңкы алтыда туруп, жаан-чачын, кар, борооонго карабай 30-40 мүнөт чуркоону адатка айланткан.

- Таң азандан чуркоо - менин тырмактайымда калыптандырган адатым. Анда деле таңкы саат алтыда турчубуз. Анан шаарга окууга келип, студент болдук. Чоң спортко алынып калган соң спорттук көнүгүү ар бир спортчуга керек. Эртең менен эрте туруп, 20-30 мүнөттү ден соолук үчүн бериш керек. Жашоо эртең менен туура туруудан башталат. “Эрте турсаң, өмүр бою жакшылык көрө турганың ошондо” деп раматылык апам такай айтчу.  

“БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК ЭКЕН...”

Бала кезинен чымыр денелүү болууга тырышкан Каныбек мырзанын жетим өскөнү анын бактылуу балалыктын дооронун сүрүүсүнө тоскоол болгон эмес.

- Бала кезде тентек эмес болчумун. Атамдан эрте калып, апама көп жардам бердим. Ал тапшырган тапшырмаларды аткарып гана жүрчүмүн. 5-класстан тарта уй саап, нан бышырып калдым. Энебизге атабыздын ордун жоктотпоо үчүн баарын кылдык. 3 гектар кызылча алып, апам, карындашым үчөөбүз иштечүбүз. Бала болгондон кийин ойногонго убакыт табасың. Биздики бактылуу балалык экен. Колубуздан келген, оюбузга келген оюндарды ойнодук. Кечинде уй-койлорду тосконго барып, балдар менен чикит атып, кылыч чабышмай, лянга, үч тапан, топ ойнойбуз, күрөшөбүз.  

“ОКУБАЙ ЭЛЕ АЙДООЧУ БОЛУП, АПАМДЫ БАГАЙЫН ДЕГЕМ...”

Балким, ал каалагандай болгондо, анда биз бүгүн Каныбек мырзаны тааныбайт элек. Кыйын кырдаалда чыгарылган туура чечим ага жеңиш алып келген.

- Айылдагы кадимки карапайым турмушту көрдүм. Онду бүткөндө классташтар шаарга кетишти. Мен айылда калып, айдоочулук менен апамды багайын дегем. Анткени 1,5 жашымда жетим калдым. 26 жашында 5 бала менен жесир калган энемдин кыйналганын көрүп, “апамды багам” деген максатты биринчи орунга койгом. Бир күнү тарых факультетинде иштеген агам келгенде “шофёр болом” дедим. Ал күлүп, анан кечинде апам менен сүйлөшүп, мени окууга жиберели деп чечишиптир. Апам байкуш ыйлап... “Мен сени багам” деген сөзгө өрөпкүсө керек. Анткени эки агам аскерде, эжем шаарда болчу. Анан айтты, “балам, оку, элден калба” деп. Немис тилине гана тишим өтпөгөнү болбосо, сабакты жакшы окучумун. Колдорум эптүү, сүрөткө шыктуу элем. Мектептеги лозунгдардын баарын мен жазчумун. Ошентип, окууга тапшырып, Улуттук университеттин тарых факультетинин 1-курсуна кабыл алындым.   

“КҮРӨШКӨ ДА ШЫКТУУ ЭЛЕМ...”

Спортто түшүнгөн киши эбин табат. Балким, катардагы студент Каныбек Осмоналиев күрөш адистеринин көзүнө чалдыкканда, ал штанганын ордуна кишилерди жулкуп көтөрүп, күрөш килеминин кожоюну болот беле...

- Спорт түрлөрүн өздөштүрүү мага оңой болчу. Күрөш, футбол, жеңил атлетика, волейбол, баскетболго шыктуу элем. Бирок башта катардагы студенттердей эле баа алыш үчүн гана дене тарбия сабагына барып жүрдүм. Бир ирет күрөш боюнча мелдеште спорттук кийимсиз эле 48 килограмм салмакка коюп коюшту. 7 атаандашымды утуп, университетте 1-орунду алдым. 2-курста Топоев деген спорт чеберине утулуп калдым. Анан 1 ай баскетболго бардым. Бир күнү оор атлетикага барып жүргөн 3 тайпалашыма жолуксам, алар залга алып барышты. Өзүм 42 килограмм болуп туруп 40-50 килограмм штанганы көтөрдүм. Боюм 148 сантиметр эле. Ошондо болочок машыктыруучум чуркап келип колумду кысты. Мен анда 18де болчумун. Семён Иткин кыйын педагог, адамгерчиликтүү киши болуп чыкты. “Эч жакка  кетпейсиң, сен мени менен болосуң” деди. Оор атлетика боюнча алгачкы мелдешим ЖОЖдор арасындагы биринчилик болуп, жакшы жыйынтык көргөздүм. Ошондо эле машыктыруучум келечекти көргөнбү, айтор, артымдан калбады. Күрөшкө да, баскетболго да жибербей калды.  

“ОЛИМПИАДАНЫ УТКУСУ КЕЛБЕГЕН СПОРТЧУ БОЛБОЙТ”

Ала-Тоонун кичинекей жигити СССР курама командасында эл жакшы көргөн балага айланганда...

- Студенттер арасында, спорт сүйүүчүлөрү арасында түрдүү мелдештерди утуп, чоң спортко ийгиликтүү кадам таштадым. 1976-жылы СССРдин командасына мүчө болдум. 1980-жылы Москвада Олимпиада болот дегенде катышып калуу үчүн кызуу даярдана баштадык. Олимпиаданы уткусу келбеген спортчу болбойт эмеспи. 1975-жылы жаштар арасында СССРдин чемпиону, 1976-жылы Эл аралык даражадагы спорт чебери болдум. 1977-жылы чоңдор арасында СССРдин кубокторунда, биринчиликтеринде 3-орунду ээлей баштадым. 1978-жылы Киевде СССРдин чемпиону, Чехославакияда Европанын чемпиону, АКШда Дүйнө чемпиону аталдым. Олимпиаданын жолу ошондо көрүндү. Менин атаандаштарым күчтүү болчу. Олимпиада чемпиону Александр Воронин, СССРдин чемпиону Александр Сенишин, Валентин Полонский, Адам Гнатов сыяктуу 7 күчтүү спортчу бир салмакта элек.  

“ОЛИМПИАДАНЫН АЛТЫНЫ -  ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ”  

Чынында, эч ким эки колун чөнтөккө салган абалда Олимпиаданын сыйлык тапшыруучу пьедесталына жете албайт. Каныбек мырза жеңиш эмгектин натыйжасы менен келгенин айтты.    

- Мен күнүнө 30-35 тонна жүк көтөрчүмүн. Баспай калсам мен баспай калмакмын. Өзүнүн методикасы менен машыксаң, спорттун  зыяны жок. Көнүгүүлөрдү так, туура аткарсаң, жылыш болот. Олимпиададагы жетишкендикти эмгектин акыбети деп баалайм. Жылдар бою аткарган ишиңдин жыйынтыгын ушул мелдеште көрсөтүшүң керек. Канча көп эмгектенсең, ошончо көп элдин көңүлүн бурдурасың. Олимпиаданы уткан соң күткөн кадыр-баркты колуң менен алып жүрүшүң керек. Мен Олимпиадага 4 жыл калганда курама командага киргем. Жеңиштеримдин да саны арбын болчу. Олимпиадага чейин мени жеңишке талапкер катары көрсөтө башташкан. 52 килограмм салмакта катуу күрөш жүрдү. Биринчи аракетимде 132,5 килограммды, кийинки аракетимде 137,5 килограммды түртүп көтөрдүм. Жалпы сумма 245 килону түзүп, олимпиадалык рекорддон 2,5 килограмм ашып түштүм. Бул көрсөткүчтү менин 3 атаандашым дагы көрсөтүштү. 4 кишиге тең алтын медаль тага албайсың да. Олимпиаданын эрежеси боюнча 4 спортчунун ичинен кимисинин салмагы жеңил болсо, ошол алтын тагынмак. Менин салмагым башкаларга караганда 200-300 граммга аз болуп, жеңиш мен тарапта болду.  

   

 “ТУРМУШТА МЕНИ ЭРКЕЛЕТКЕН ЭЧ КИМ БОЛБОДУ...”

Ооба, өмүрдүн учугу Олимпиада пьедесталында уланбайт. Пьедесталда турганда өлкө желеги желбиреп, мамлекеттик гимн аткарылат. Андан соң мурунку турмушу... Гимндин ордуна турмуш өз ырын созо берет...  

- Олимпиададан келгенден кийинки учур эстен кетпейт. Учурашкандар, чакыргандар көп. 1983-жылы чоң спорт менен коштошуп, катаал турмуштук маселеге туштуктум.  Баягы “оо, Осмоналиев, Осмоналиев” деп мактап, тегеректегендин бири жок. Ошондо бир жыл жумуш таап бербей коюшту. Же акчадан, же жумуштан жок. Чынында, турмушта мени эркелеткен эч ким болбоду.  

Анан оор атлетика боюнча жөнөкөй машыктыруучу болуп 4 жыл иштедим. Эмгек жолум ошентип башталды. Москвага барып, бир жыл курама командага машыктыруучунун жардамчысы болдум.   

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Спорт комитетинде төрага болуп иштедим. 1995-жылы бул кызмат ордумдан бошоп, 7 жыл жумушу жок жүрдүм. Мал, тоок, каз, өрдөк бактым. Айылга барып 7 гектар жер алып, буудай-арпа септим. Балдарды багыш керек болду.  

2002-жылы ат спорт мектебине директор, 2 жылдан кийин Дене тарбия жана жаштар комитетине чакырылып, жетекчинин орун басары болуп иштедим. 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин КРнын Олимпиадага даярдоо борборун жетектедим. Көп өтпөй оор атлетика мектебине директор болдум. Анан Оор атлетика борбору деп ачышып, ага директорлукка дайындалдым. Азыр болсо Оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс мектебинде директор болуп иштеп жатам. Пенсияга чыкчу учурум жакындап калды.

“БАЛДАРЫМА ШАРТ ТҮЗҮП БЕРЕ АЛБАДЫМ...”

Турмуш көп кырдуу эмеспи. Агасы минген атты иниси минет. Атасы салган кушту баласы салат. Бул - жашоо мыйзамы. А бирок атасы алган Олимпиаданын алтын медалын баласы албайт тура...       

- Келинчегим Медеркан менен 8-классымда эле сүйлөшчүбүз. Өзүмдүн классташым. 19 жашыбызда баш кошконбуз. 3 кыз, 4 уулдун ата-энеси болдук. Неберелерибиздин саны - 17. Биринчи уулумдун кызына Олимпиада деп ат койгом. 2000-жылы Сидней Олимпиадасынын жабылуу аземи болуп жатканда, 4-октябрда төрөлдү. “21-кылымда уул-кыздарымдан Олимпиада чемпиону чыкпаса да, “Олимпиада” деп кыйкырганга укугум бар” дегем.    

Келинчегим спорттук карьерамда өтө чоң роль ойноду. Мен 3-4 айлап машыгуу сборлоруна, мелдешке кетем. Ал үйдө калат. АКШдан же башка жактан телефон чалсам, апам экөө чогуу киного, концертке кетип калган болот. Ал апам менен батышып, курбудай жүрсө менин санаам тынчып калчу. Эч ойлонбойсуң. 

Негизи, оор атлетикага 3 уулум тең барды. Экөө спорт чеберине талапкер, эң кичүүсү спорт чебери болду. Ошол кезде мен балдарга шарт түзүп бере алган жокмун. Ачык эле мен алардын машыгуу сборуна акча бере албасымды, аларга шарт түзүп бере албасымды айттым. "Бир Кыргызстанга бир эле Осмоналиев жетет, андан көрө окугула" дедим.

  

ИЙГИЛИК СЫРЫ...

- Ийгилик көп нерсенин жыйынтыгында келет. Мисалы, аткарып жаткан ишти колко кылбай, ар бир кадам өзүң үчүн экенин сезиш керек. Жетишкендиктин ачкычы – күчтү, акылды, адамгерчиликти, ойду, баскан-турганды, ичкен-жегенди көзөмөлдөп, баарын топтоо. Акылсыз, адамгерчиликсиз бийиктикти багынта албайсың. Жашоодо көп кыйынчылык болот. Ошого чыдап, жол издеп, туруштук берген адам жеңет. Эмгекти сүйүш керек, ойлонуш керек. Акылың болсо, жакшылыкты ойлошуң кажет. 

кошулду





Дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(34)
03.02.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
кызыык,эмне жанылыкпы бул?
03.02.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Wolf_ero, бодгондо да супер жанылык,
03.02.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Wolf_ero, жанылык эмес омур таржымалы, ийгилигинин сыры тууралуу айтып жатат го...
03.02.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Wolf_ero, Сага митинг болсо эле болдубу.Мына чыныгы Кыргыздын арыстаны.
04.02.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Wolf_ero, Тамга тааныйсынбы? Устундо "Ийгилик сыры" деп турат! Бир нерсе жазарда темага карап, бир аз баштагы мээ деген былжырды иштетип койгулачы!
04.02.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Wolf_ero, Мындай деп билдируу калтырганын жарабайт тууган! Муну айтса болот чыныгы оз аракетинин жемиши деп, албетте башкалар да таасир берет дечи, бирок озундо болбосо баары бир тыйынга арзыбайт! Азаматсыз Каныбек аба! Жаштарга зор улгу болуп журууго татыктуусуз! Жарасыз!
03.02.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чикит ойногону жакты бизда кичинекей кезде чикитти катырдыкко азыркылар эмне оюн экенин билбесе керек ))
03.02.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыз элин дуйного тааныткан Каныбек агабыздай Олимпиада чемпиондору кобойсо экен.
03.02.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бугунку кундун Манасы, агай омурунузду берсин.....................
03.02.2014. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аттин, мындай адамдар эми кайра жаралуусу чанда го, азыр интернетте ушакташкандан кол бошобогон азаматтар канча, пайгамбарыбыз (С.А.В) дын убагында айтылган:"ушундай бир коом келет, ал коомдо бир коздуу даджаал чыгып, адамдардын эн кымбаты болгон, УБАКТЫСЫН уурдайт" деген, ал бир коздуу даджаал дегени ушул эмеспи:"телевизор, телефон, планшет, компьютер) кайра артка кайтпаган канча убакытты алардын алдында отуруп, уурдатып жатабыз...
04.02.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emilkyrshab, жакшы
04.02.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emilkyrshab, Туура жазыпсын, чындыгында мен акырку кундору ушуну менен ооруп бара жатам, токтотуу керек болуп жатат. 2-3-кун жанылык окубай калсам эле озумду башкача сезе баштадым.
03.02.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wolf_ero козкамандардан окшойсун?
03.02.2014. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
салмагыны парга тушуп азайткан дешет
04.02.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aza_74, Башкалары эмне кылыптыр, болдучу эми тууган акылдуунун белгиси ар дайым адамдардын жакшы жагын гана корот экен. Ушул жерден да бир жаман нерсени издейин деп турасынбы?
SUPER.KG видео
04.02.2014. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне дейбиз сизге ден-соолук бала бакыранар менен тынчтыкта омур суро бериниз. Бар болунуз.
SUPER.KG видео
04.02.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз элинин сыймыгы! Коп жашаныз, бар болунуз!
SUPER.KG видео
04.02.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз! Уй булонуз менен бактылуу омур сурунуз.
SUPER.KG видео
04.02.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыймыктанам. 60 жашка чыгып турникке тартылып жатканын коруп баа бердим. Азыр кээ бир эркектер манкасын тарта алышпайт. Ушундай тын, чыйрак болушпайбы эркек болгондон кийин.
Каныбек агай сиз кыргыз элинин байлыгысыз. Узак омур сурунуз.
SUPER.KG видео
04.02.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар болунз!
04.02.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына жашады деп ушу кишини айт
04.02.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СССР ден болунгондон бери бир дагы алтын медаль келе элек кр республикасына олимпиодадан , мындай спортчуларды колдобосок бизде олимп.. женичусу болбойт качан колдоп атын чыгарсак жаштар арасында кызыгу болот
SUPER.KG видео
04.02.2014. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каныбек байкенин аябай супсулуу балдары бар, школдо бир Урмат Осмоналиев деген жигит менен окугам 11 мектепте,менден 1 класс жогору окучу,биок мен ушунчалык жакшы корчумун ошол жигитти, ушундай сулуу,спортсмен жигит эле..менин школдогу 1-суйум болгон го ))
04.02.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эптеп эле кылдан кыйтык издеп калгансынбы? ал да болсо ийгиликтин сыры болуп атат, дуйного рекорд коюуу оной эмес
05.02.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат аксакал экен. Бирок ошончо жеништен кийин акчасы жок, оор турмушка калганы окундурот....
Кыргызчылыкда ээ. Кайсыл ийгилике жетишкен, Кыргызга бийликтегилер уй-жай, акча берип журду эле?!
05.02.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bar bolunuz agai
SUPER.KG видео
06.02.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bar bolunuz siz m.n syimyktanabyz .
06.02.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде спортчуларга кам коруу деген жок.Убагында кызмат берип коюшса жакшы болмок.Сиздей чемпиондор бул бийликтин тушунда чыкпайт го
SUPER.KG видео
09.02.2014. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо бизде бир еле алтын бар екенда э коп жашан сиз менен сыймыктанабыз....
SUPER.KG видео
11.02.2014. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болуңуз үйбүлөңүз менен орубаңыз эч качан!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 11.02.2014 09:55
16.02.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым ташка жазган тарыхы эч качан очпойт К. Осмоналиев дей спортчулар чыга берсин
05.07.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр ошондой спортчу чыкса олтурот жее бандит кылышат.
19.02.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурунуз узун болсун,балдарыныздын кунун кучун корунуз.Спорт суйуучулоруно дем куч болуп журо бериниз.
25.02.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз улутунан чыккан жалгыз олимпиада чеимпиону. Эмне деген гана сыймык. Суктануудан башка эч кандай айлан да, арган да жок. Ушуну тушунбогон айбан макулуктар оздорун адам деп эсептеп журушот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: