super.kg logo

Таш-Көмүрдөгү каралбай калган көпүрө туристтик жайга айланмакчы

 
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы "Капитальная" көпүрөсүн кайра жандандырып, туристтик объектке айландыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул туралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аталган көпүрө аркылуу СССР учурунда көмүр ташылып өтүп турган. Бирок Кеңеш өкмөтү тарагандан кийин көмүр өндүрүү токтотулуп, көпүрө пайдаланылбай, кароосуз калган.
"Бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган аймактарды иретке келтирүү жана шаардын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында аталган аймакты заманбап эс алуу жайына айландыруу сунушталууда. Жалпы аянты 1,96 гектар болгон аймакты өнүктүрүүнүн эскиздик долбоору даярдалып, анда ресторан, айлана-чөйрөнүн жана шаардын көрүнүшүн бийиктен көрүүгө мүмкүнчүлүк берген панорамалык A-frame үйлөрү, ошондой эле эс алуу аллеясын жайгаштыруу каралган",- деп айтылат маалыматта.





Таш-Көмүрдөгү эски көпүрө туристтик жайга айланмакчы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: