Ошто С. Абдувалиев көчөсү жаңыланып, пайдаланууга берилди
Ош шаарындагы С. Абдувалиев көчөсү толугу менен жаңыланып, бүгүн, 12-августта пайдаланууга берилди. Бул көчө Мамыров жана Р. Абдыкадыров көчөлөрүн байланыштырат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Көп жылдан бери оңдолбой келген жол жаан-чачындуу күндөрү суу топтолуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген.
Жаңылоо иштеринин алкагында узундугу 1 чакырымга жакын жол 12 метрге чейин кеңейтилди. Эки тилкелүү жолго жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр жана суу агызуучу лотоктор курулду.
Мындан тышкары, көчөгө түнкү жарыктандыруу орнотулуп, жол жээктери жашылдандырылат.
Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө гольф-карлардын катышуусунда жүрүш уюштурулуп, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















