Чүйдө уруксат документтери жок иштеген 4 объект аныкталды
Чүй облусунун Жайыл районунда уруксат документтери жок иш алып барган төрт объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам талаптарынын сакталышын текшерүү учурунда төмөнкү объекттерде тиешелүү уруксат документтери жок курулуш жана кайра профилдештирүү иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган:
— «Турук» туристтик борбору;
— автоунаа жуучу жана май алмаштыруучу жай;
— тейлөө станциясын (СТО) тандырканага кайра профилдештирүү жана кайра пландаштыруу иштери;
— дарыкананы чайканага кайра профилдештирүү иштери.
Аталган объекттердеги иштер Кыргызстандын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарына каршы келери белгиленди.
Натыйжада жеке ишкерлер К. Р., К. Ө., А. И. жана Ж. Н.га мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Мындан тышкары, аларга жалпы 256 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















