Жапаров Андраш Баканы Венгриянын президенти болуп шайланышы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров Венгриянын президенти кызматына шайланышы менен Андраш Баканы куттуктады.
Өлкө башчы куттуктоодо эки элдик кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга ишеним артты.
“Сиздин президенттик мөөнөтүңүз Венгриянын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү, мажар элинин ынтымагынын бекемделиши жана бакубаттуулугунун жогорулашы менен коштолот деп ишенем. Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы өз ара урматтоого, ишенимге жана элдерибиздин тарыхый-маданий жакындыгына негизделген салттуу достук мамилелерди өзгөчө жылуу сезим менен белгилейм.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалайм. Соңку жылдары ал туруктуу жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болду.
Өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн салттары мындан ары да эки тараптуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Венгриянын элдеринин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болуп берет деп ишенем.
Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”,- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















