super.kg logo

"Кыргызфармация" дары сатып алууда мамлекетке 137 миллион сом зыян келтиргени аныкталды

 
"Кыргызфармация" мекемесинде дары-дармек сатып алуудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 137 миллион 950 миң сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу 13-августта Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлүп, натыйжада жалпы баасы 74,1 миллион сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын билдирмелери жок эле ири көлөмдөгү медициналык буюмдар сатылып алынып, 63,8 миллион сомдон ашык продукция кампаларда пайдаланылбай калган.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: