"Сары-Челек" коругунда жаңы өткөрмө пункту курулууда (видео)
Бүгүн, 13-августта "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунда жаңы өткөрмө пунктунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, коруктун кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаратылышты коргоо системинин ардагерлери катышты.
Министрликтин маалыматына караганда, жаңы өткөрмө пункту коруктун инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле ал аймакка кирүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, келгендер үчүн кыйла ыңгайлуу жана иреттүү шарттарды түзүү пландалууда.
Иш-чарадан кийин Сейдалиев коруктун ишмердүүлүгү жана инфраструктурасынын абалы менен таанышып, жетекчилик менен "Сары-Челекти" мындан ары өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды.
"Сары-Челек" коругунда жаңы өткөрмө пункту курулууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















