Корумду чокусунда калган альпинисттерди издөө иштери татаалдады (видео)
Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон үч альпинистти издөө иштери уланууда. Издөө тобу аба ырайынын начардыгына карабай дрон жана тик учактын жардамы менен алардын болжолдуу маршрутун аныктоого аракет кылышууда. Азырынча альпинисттердин так дайыны аныктала элек.

Айта кетсек, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлгөн. Алар Беларустан келген Максим Полянский, Николай Свиридов жана Литвадан келген Сергей Рубцов. Альпинисттер көп жылдан бери бийик тоолорду, чокуларды багындырышып, "Ак илбирс" макамынын ээси болушкан. Алар 2-августта акыркы жолу байланышка чыгып, 4-августта ылдый түшүүгө даяр болорун билдиришкен. Тилекке каршы, мындан соң альпинисттер менен байланыш үзүлгөн.
Кийичерээк Беларустун альпинисттер федерациясынын президенти Александр Годлевский дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө боюнча Кыргызстанга кайрылган. 7-августтан тартып альпинисттерди издөө иштерине ИИМ жана ӨКМ куткаруучулары, Коомдук альпинистерди куткаруу кызматы, тажрыйбалуу альпинисттер жана ыктыярчылар тартылган.
8-августта 4300 метр бийиктиктен дрон учурулуп, базалык лагерден альпинисттердин чатыры табылган. Издөө иштерине жамгыр, кар жаап, туман каптап аба ырайынын начар болушу тоскоол болууда.

Аба ырайынын татаал шартына карабастан 5550 метрге чейинки аймак дрон менен каралган. Андан жогору тилкелерди булут каптап тургандыктан, толук текшерүүгө мүмкүн болгон эмес. Кечээ, 11-августта издөө иштерине тик учак тартылып, 5500 метрден жогору көтөрүлө албай калган. Ал бийиктикте туман болуп, көрүнүш начар болгон. Издөөчүлөрдүн маалыматына караганда, базалык лагерден альпинисттер токтоп калышы мүмкүн болгон аймакка чейин 5-6 чакырым бар. Дал ушул тилке азырынча толук текшериле элек.
Корумду чокусу - Кыргызстандын Чоң-Алай аймагындагы Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, бийиктиги 6613 метрге жетет. Ал Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын чек аралары кесилишкен аймакта жайгашкан. Район мөңгүлөрү, кууш кырлары жана татаал бийик тоолуу рельефи менен айырмаланат.

Буга чейин да альпинистттердин тоодо калып калган учурлары бир канча ирет болгон. 2025-жылы орусиялык альпинист Наталья Наговицына Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып, 7200 метрге жакын бийиктикте бутунан оор жаракат алып, каза болгон. Куткаруу аракеттерине карабастан, аны тоодон түшүрүү мүмкүн болгон эмес.
Мындай окуялардын көп катталганын улам быйылкы жылдан баштап өлкөдөгү 7000 метрден бийик чокуларга чыгуу үчүн талаптар киргизилген.
Альпинисттер тик учак менен изделүүдө
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















