super.kg logo

Бул жолу ыр менен эмес... Нарын шаарынын көйгөйү тамашалуу айтылды

 

Социалдык тармактарда Нарын шаарындагы көйгөйлөрдү айткан жигиттин видеосу тарап жатат.

Видеону тартып жаткан жигит Нарынга президент келип калса, ага жолугуп, калаанын көйгөйүн айтууну кыялданып жатканын билдирет. Тасмадан сапаты начар жолду көрүүгө болот.

"Президент келип, "ушул жолдордун кемчиликтерин ким көрсөтүп берет?" деп сураса, мен деп астына чыгат элем. "Нарын шаары такыр каралбай калган турбайбы, көңүл бөлгүлө!" деп туруп, чоңдордун баарын алып келип, баш көтөртпөй иштетсе. Бирок мунун баары кыял, жомок. Мындай нерсе болбой калды го",- деп тамашалуу айтат.

Айта кетсек, былтыр жайында Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам ошол кездеги УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анда бир катар тапшырмалар берилген. Кийинчерээк Ташиев кетип калгандан кийин иштер кечеңдегени айтылып, абал кайрадан ыр менен сүрөттөлгөн.







Бул жолу ыр менен эмес... Нарын шаарынын көйгөйү тамашалуу айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: