Орусиядан Кыргызстанга орус тили боюнча 671 миң китеп жеткирилди (видео)
Бүгүн, 13-августта Орусиядан Кыргызстандагы мектептер үчүн 671 миң окуу китеби жеткирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
1, 2 жана 5-класстын окуучулары үчүн "Орус тили жана окуу" предмети боюнча даярдалган китептер Кыргызстандын жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын негизинде эки өлкөнүн басма үйлөрү тарабынан биргеликте иштелип чыккан. Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердин аталган класстарындагы окуучуларды толук камсыздайт.
Долбоор Кыргызстан менен Орусиянын Агартуу министрликтеринин колдоосу менен "Моя история" фонду жана "Просвещение" басмаканасы тарабынан ишке ашырылууда. Жакынкы күндөрү окуу китептери өлкөнүн бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге жеткирилет.
Орусиядан Кыргызстанга орус тили боюнча 671 миң окуу китеби келди
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















