Соң-Көлдөн чоң козу карын табылды
Туризм тармагында иштеген ишкер Сергей Глуховеров Нарын облусундагы Соң-Көлдүн жанынан табылган өзгөчө чоң козу карындын сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Сүрөттөн кичинекей бала көлөмү абдан чоң козу карынды кармап турганы көрүнөт. Ишкер сүрөттөрдүн алдына достору Соң-Көлдүн аймагында сейилдеп жүргөнүн жазып, мындай эс алуу соода кылганга караганда жакшыраак сезим тартуулай турганын белгилеген.
Алдын ала божомол боюнча, бул ири өлчөмгө чейин өсө алган гиганттык шар сымал (дождевик) козу карыны болушу мүмкүн. Бирок анын түрү азырынча так аныктала элек.
Сүрөттөр социалдык тармактарда кызуу талкууланып, колдонуучулар козу карындын чоңдугуна таң калышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:59
2026-08-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















