super.kg logo

Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ башчылары укук коргоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти чыңдоо маселелери талкууланды.

Тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка жана экстремизмге каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле ыкчам маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү жана заманбап технологияларды ички иштер органдарынын ишине киргизүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн аймагында жүргөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана миграциялык маселелер боюнча ыкчам байланышты күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер органдарынын ортосундагы түз жана ыкчам кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: