Born From Culture тренди Якутияга чейин жетти (видео)
Социалдык тармактарда улуттук маданиятты заманбап кинематографиялык форматта көрсөтүүгө багытталган Born From Culture тренди кеңири жайылууда. Аны алгач Жаңы Зеландиядагы маори улуту тарткан.
Кийинчерээк бул форматта америкалык рэпер Future'дун "Mask Off" чыгармасынын коштоосундагы видео Грузияда тартылып, андан соң Армения жана Өзбекстанда да кайталанган.
Трендке 12-августта Казакстан, 13-августта Кыргызстан да кошулду.
Ошондой эле жаңы тренд Орусиянын Саха Республикасына (Якутияга) чейин жетти. Видеодо "Гулун" чыгармачыл тобунун аткаруусундагы якут элинин улуттук бийлери көрсөтүлгөн.
Тренддин өзгөчөлүгү - улуттук маданиятты заманбап визуалдык стилде көрсөтүү болуп саналат.
Born From Culture тренди Якутияга чейин жетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















