Корумду чокусунда жоголгон альпинисттердин буюмдары табылды (видео)
Кечээ, 13-августта 4500 метр бийиктиктен Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттердин рюкзагы жана кызгылт сары түстөгү буюму табылды. Бул тууралуу издөө иштерине катышып жаткан Александр Смирнов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, издөө иштери күнү бою жүргүзүлүп, тик учак 2 жолу учкан. Дрон менен тоонун 6000 метр бийиктикке чейинки капталдары тартылган. Буюмдар табылган жер Корумду кыркасындагы эң кооптуу тилкелердин бири болуп саналат. Кызгылт сары түстөгү буюм уктоочу баштык же күрмө болушу мүмкүн.
Азырынча альпинисттердин издери аныктала элек. Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттер тууралуу толук маалыматты шилтемеден окуй аласыз.
Корумду чокусунда жоголгон альпинисттердин буюмдары табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:59
2026-08-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















