Тажикстан Ооганстанга чек араны бузганы үчүн нота тапшырды
Тажикстан Ооганстандын чек арага жакын аймактардагы куралдуу кагылышууларынан улам нота тапшырды. Бул тууралуу 14-августта чет элдик басылмалар билдирди.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Ооганстандагы атышуулар учурунда өлкөнүн аба мейкиндиги бузулуп, үйлөр жабыркаган жана Дарваз районунда бир жай тургун каза болду.
Окуя Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Нусай районунда "Талибан" күчтөрү менен жергиликтүү куралдуу топтун ортосундагы кагылышуулардын фонунда болду.
Тажикстан Ооган тараптан мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин сактоону жана мындай окуялардын кайталанышына жол бербөө үчүн чара көрүүнү талап кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















