Ошто сатып алган унаасынын 10 миң долларын бербей качып жүргөн жаран кармалды
Ош шаарында унаа сатып алып, акчасын толук бербей жүргөн жаран кармалды.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, 2025-жылы жарандардын бири Ssang Yong Tivoli унаасын 15 миң долларга сатып, анын 5 миң долларын алган. Калган 10 миң долларын сатып алуучу ар кандай шылтоолор менен бербей жүргөн.
Бул боюнча милицияга арыз түшүп, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:24
2026-08-14
14:44
2026-08-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















