Роналду менен Жоржинанын үйлөнүү тою кандай өттү? (видео)
Кечээ, 16-августта Криштиану Роналду менен Жоржина Родригестин үйлөнүү тоюнун кадрлары социалдык тармактарда жарыяланды.
Жубайлар 11-августта баш кошуп, бул күн алардын 10 жыл мурун Gucci дүкөнүндө таанышкан учуруна туура келген.
Үйлөнүү үлпөтү үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда, үйүндө өтүп, чакан форматта уюштурулган. Жубайлардын кийимдери да алардын таанышуу тарыхы башталган Gucci брендинен тандалган.
Салтанаттан кийин Роналду, Жоржина жана балдары Фатима айымдын ыйык жайына барышкан. Ал жерде үй-бүлө үчүн чакан чиркөө жабылып, дин кызматкери жубайлардын никесине байланыштуу атайын "ант берүү" аземин өткөргөн.
Жоржина өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: "Баары мен элестеткендей өттү. Камералык форматта, сүйүүгө толгон жана үй-бүлөбүз баарынын көңүл борборунда болду. Көз жашымды тыя алган жокмун",- деп жазды.
Роналду менен Жоржинанын үйлөнүү тою кандай өттү?
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















