Кара-Сууда 22 жаштагы жигит тергөөчүгө пара берип жатканда кармалды
Кара-Суу районунда милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип 22 жаштагы жигит кармалды.
Маалыматка ылайык, ал 3 күн мурун, тагыраагы, 14-августта тергөөчүгө 40 миң сом берип жаткан жеринен колго түшкөн. Шектүү андан тергөөгө чейинки текшерүүнү оң жака чечип берүүнү суранган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Кара-Сууда 22 жаштагы жигит тергөөчүгө пара берип жатып кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















