Жүгү бар унааларды "бош" деп өткөрүп келген мамкызматкерлер аныкталды
Кечээ, 16-августта "Ак-Тилек автожол" өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
УКМКдан маалымдашкандай, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу унааларды өлкө аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздап, ошол эле учурда расмий документтерде аларды бош унаалар катары катташкан.
Тергөөнүн жыйынтыгында 3 кызматкер жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















