super.kg logo

Президенттин администрациясы кыргызстандыктарды маданияттын үлгүсүн көрсөтүүгө чакырды

 
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды алдыда өтө турган чоң иш-чараларда маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүүгө чакырды.
"Алдыда өлкөбүздө маанилүү эл аралык масштабдагы иш-чаралар өткөнү турат. Ага байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылып, кыймылга чектөөлөр киргизилерин алдын ала коомчулукка айтып келдик. Албетте, бул айрымдарыбызга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок келгиле, ушул күндөрү бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, сабырдуулугубуз жана маданиятыбыз менен үлгү бололу.
Келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилин, намысын, маданиятын жана адамгерчилигин көрүп кетсин. Келгиле, бул күндөрү ар-бирибиз колдон келген жардамыбызды берип, тартипти сактап, бири-бирибизге кол кабыш кылалы. Анткени бул бир эле мамлекеттик иш эмес. Бул - ар бирибизге тиешелүү жоопкерчилик. Бул - Кыргызстаныбыздын жүзү.
Кыргыз элинин биримдиги, ынтымагы жана адамгерчилиги ар дайым кыйын учурда өзгөчө көрүнүп келген. Ар кандай кыйынчылык келгенде элибиз бири-бирине кол сунуп, жардам берип, муктаж болгондорду жалгыз калтырбай, бир муштум болуп биригип келет. Бул сапатыбызды далай ирет далилдеп, дүйнөгө да көрсөтүп келебиз. Эми ошол ынтымагыбызды жакшы күндөрдө да көрсөтөлү. Биримдигибизди иш менен далилдеп, Кыргызстанды татыктуу көрсөтөлү. Биримдигибиз менен үлгү бололу. Маданиятыбызды даңазалайлы. Кыргызстанды татыктуу көрсөтөлү", - деп айтылат анын кайрылуусунда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: