super.kg logo

Испания Сеутада мигранттар үчүн 4 убактылуу жардам пунктун ачат

 

Испаниянын өкмөтү Түндүк Африкадагы Сеута автономдуу шаарында мигранттар үчүн 4 убактылуу гуманитардык жардам пунктун уюштурат. Бул тууралуу миграция жана социалдык интеграция министри Эльма Саис билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, жаңы жайлар 1,5 миң адамга ылайыкташат. Пункттар унаа токтотуучу жайда, ат спорту комплексинин аймагында, мурдагы футбол талаасында жана «Эспасио-дель-Гуано» аянтында жайгашат.

Жаңы орундар акыркы эки жумадан ашык убакыттан бери Сеутанын көчөлөрүндө жана пляждарында жашап жаткан мигранттардын бир бөлүгүнө берилет.

Министр мигранттарды Мароккого кайтаруу же алардын башпаанек берүү өтүнүчтөрүн кароо маселесинде кайсы жол тандаларын тактаган жок. Ал бардык аракеттер Испаниянын мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөрүн белгиледи.

Сеута июль айынын аягында Мароккодон мигранттардын массалык түрдө кирип келишине байланыштуу оор кырдаалга туш болгон. Испаниянын ички иштер министринин маалыматына ылайык, өлкөгө Марокко тараптан 72 миңге жакын мигрант кирген. Ал эми 11-августтагы жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Сеутада дагы 10 миңге жакын мигрант калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: