Көчмөндөр оюндары 2028-жылы Казань шаарында өтүшү мүмкүн
«БИЗНЕС Online» басылмасынын маалыматына караганда, Казань 2028-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугуна ээ болду.
Маалыматка ылайык, алгач мелдешти Орусиянын башка аймагы менен биргеликте өткөрүү варианты да каралган. Бирок жыйынтыгында Татарстан өз алдынча талапкерлигин сактап калган.
Буга чейин аталган басылма Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Татарстан жетекчилигине «Көчмөндөр оюндарын» Казань шаарында өткөрүү өтүнүчү менен кайрылганын жазган.
Казань шаарын кийинки уюштуруучу катары тааныткан желекти тапшыруу аземи 2026-жылы Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болот деп күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:43
2026-08-17
16:02
2026-08-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















