Кушнер: "Иран АКШ сунуштаган тынчтык шарттарына кызыкдар эмес"
Кечээ, 17-августта АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Жаред Кушнер Иран АКШ менен тынчтык келишимин түзүү үчүн коюлган шарттарга кызыкдар эмес экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Трамп Тегеран өзөктүк курал жасоо мүмкүнчүлүгүнөн баш тартса, Иран менен тынчтык келишимин түзүүгө даяр. Бирок Кушнердин белгилешинче, азырынча Иран тарап Вашингтондун талаптарына жооп бере турган кадамдарга барууга кызыкдар эмес.
"Учурда алар биз үчүн мааниге ээ болгон нерсени жасоого эч кандай кызыгуу көрсөтүшпөйт",- деди Кушнер.
Бул билдирүү АКШ менен Ирандын ортосундагы 60 күндүк өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мөөнөтү аяктаган күнү айтылды.
Буга чейин АКШ менен Иран 60 күндүк ок атышпоо режимин узартууга макул болгонун билдирген. Бирок бул маалымат боюнча карама-каршы билдирүүлөр да чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















