Бишкекте ооруканага киши алып бара жаткан "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылды
Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 18-августта Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кызматтык унаа Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Буга жеңил унаанын жол чырагынын сары белгисинде өтүп кеткени себеп болгон.
Кырсыктын кесепетинен "Тез жардам" унаасында ооруканага жеткирилип бара жаткан бир жаран жаракат алган. Жабырлануучу башка "Тез жардам "унаасы менен медициналык мекемеге жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайлары жана келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















