Европада аптаптуу ысык түшүмдү азайтты
Бүгүн, 18-августта Европанын бир катар өлкөлөрүндө узакка созулган аптаптуу ысык жана катуу кургакчылык айыл чарбасына олуттуу зыян келтирип, түшүмдүн кескин азайышына себеп болгонун чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Өзгөчө Франция, Италия жана Испанияда жашылча-жемиш жана дан өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр оор кырдаалга туш болушкан.
Францияда жүгөрүнүн түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 35 пайызга азайып, болжол менен 9 миллион тоннаны түзөрү күтүлүүдө. Мындай көрсөткүч акыркы жолу 1980-жылы катталган.
Италияда айыл чарба жерлеринин болжол менен 60 пайызы кургакчылыктан жабыркаган. Натыйжада жүгөрү, күрүч, соя, жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү төмөндөп, сүт өндүрүү 20 пайызга азайган.
Испанияда да абал курч. Кастилия жана Леон аймагында дан эгиндеринин түшүмү былтыркыга караганда 35 пайызга, Мадрид аймагында 49 пайызга, Андалусияда 24 пайызга төмөндөгөн. Мындан тышкары, өлкөнүн Улуттук шарап өндүрүүчүлөр федерациясы 2026-жылы шарап өндүрүшү 20 пайызга кыскарышы мүмкүн экенин болжолдоду.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү айыл чарбасына жардам көрсөтүү чараларын даярдоодо.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















