Филипп Киркоровго Орусияда жаңы бизнес ачууга тыюу салынды
Орусиялык белгилүү эстрада ырчысы Филипп Киркоровго Орусияда жаңы бизнес ачууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу 17-августта орусиялык басылмалар өлкөнүн салык кызматына таянып жазышты.
Буга анын эки компаниясы Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине туура эмес маалыматтарды киргизгени себеп болгон. "Филипп Киркоров Корпорейшн" компаниясы ишмердүүлүгүн токтоткон, ал эми "Филл фо ю" компаниясы туура эмес дарек көрсөткөн.
Орусиянын мыйзамдарына ылайык, эгер жаран буга чейин ишенимсиз маалыматтар көрсөтүлгөн компаниянын ээси же жетекчиси болсо, салык кызматы анын жаңы бизнесин каттоодон баш тартууга укуктуу.
Ырчыга жаңы бизнес ачууга коюлган чектөө 2028-жылдын 18-сентябрына чейин күчүндө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:47
2026-08-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















