Кыргыз өкмөтү Кытайдан мунай ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда мунай жана химиялык корпорациянын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, кечээ, 17-августта болгон сүйлөшүүдө “Sinopec” корпорациясы менен Кыргызстанда иш жүргүзгөн компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана Кыргызстанга мунай продукттарын жеткирүүгө байланышкан талкуулар болгон.
Кыргыз делегациясынын курамына Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн ондон ашуун компаниянын жетекчилери кирген.
"Кыргызстан Кытайдан мунай продукттарын жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул багыт чоң келечекке ээ жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин алкагындагы кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыты болуп саналат деп эсептейм",- деген Акунбеков.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















