"Жөргөмүш адам: Жаңы күн" тасмасынын колго тартылган жарнама баннери интернетти күлдүрдү
АКШдагы кинотеатрлардын биринде 19 жаштагы кызматкер Дрейк Лэндон "Жөргөмүш адам: Жаңы күн" тасмасына расмий жарнамалык материалдар убагында жеткирилбей калгандыктан, маселени өз колуна алган.
Ал интернеттен сүрөттөрдү автордук укукка байланыштуу көчүрүп алуунун ордуна, тасмага арналган баннер (постер) тартып, аны кинотеатрдын фойесине илип койгон. Сүрөттө суперкаарман майда-чүйдөсүнө чейин күлкүлүү стилде тартылып, чыныгы баннери жок болгону үчүн тамаша иретинде кечирим да жазылган.
Кинотеатрга келгендер кызматкердин чыгармачылыгын жогору баалап, кол менен жасалган эмгекти сүрөткө тарта башташкан. Атүгүл көрүүчүлөрдүн бири аны 200 долларга сатып алууну сунуштаган.
Көп өтпөй баннердин сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап, Дрейк Лэндондун чыгармачыл мамилеси интернет колдонуучулардын көңүлүн бурган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















