Жети-Өгүздө муниципалдык мүлктү күрөөгө коюу боюнча кылмыш иши ачылды
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан Ж.К. аттуу жаранга 2 миллион 500 миң сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам берилип, анын кайтарылышын камсыздоо максатында Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мончо күрөөгө коюлган.
Жеке жактын милдеттенмесин камсыздоо үчүн муниципалдык мүлктүн күрөөгө берилишине жол берген Барскоон айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызмат адамдарынын аракеттеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери аныкталган.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















