super.kg logo

Кыргызстандыктар Pinduoduo платформасына 9 миллиард сомго жакын акча коротушкан 

 
Салык кызматы Кыргызстандагы электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдар милдеттүү түрдө салыктык каттоодон өтүүгө тийиш экенин эскертет.
Учурда электрондук кызмат көрсөтүүчү 73 чет өлкөлүк компания салыктык каттоодон өткөн. Ошол эле учурда салыктык каттоодон өтпөгөн ири финансылык жүгүртүүгө ээ болгон 11 чет өлкөлүк компания аныкталган. Алар:
  • Alibaba Group Holding Limited (1688);
  • Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. (Pinduoduo);
  • Twitch Interactive, Inc.;
  • Microsoft Corporation;
  • Valve Corporation;
  • Sony Interactive Entertainment LLC;
  • Epic Games Inc.;
  • Electronic Arts Inc.;
  • VK Company Limited;
  • Telegram FZ-LLC;
  • Dropbox Inc.
2024–2025-жылдар аралыгында гана аталган компанияларга 15,9 миллионго жакын акча которуу жүргүзүлүп, алардын жалпы суммасы 13,2 миллиард сомго жакын каражатты түзгөн. Акча которуулардын эң ири көлөмү төмөнкү компанияларга туура келген:
  • Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. — 8,89 миллиард сом;
  • Alibaba Group Holding Limited (1688) — 2,83 миллиард сом;
  • Microsoft Corporation — 1,01 миллиард сом.
Компанияларга салыктык каттоодон өтүү боюнча бир нече жолу расмий каттар жөнөтүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кайрылууларга жооп берилген эмес. Мындан ары дагы салыктык милдеттенмелер аткарылбаса компаниялардын электрондук сервистерине өлкө аймагына кирүүнү чектөө маселеси каралат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: