super.kg logo

Ырчы Шакира жер титирөөдөн жабыркаган Колумбияга жардам берерин айтты

 

Кечээ, 17-августта колумбиялык ырчы Шакира мекениндеги жер титирөөдөн катуу жабыркаган Чоко провинциясынын борбору Кибдо шаарына күтүүсүз барды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдирди.

Ырчы жабыркаган мектептерди кыдырып, окуучулар менен жолугуп, алар менен сүрөткө түштү. Шакира жергиликтүү 10 мектепти кайра курууга жана университетти калыбына келтирүүгө жардам берерин убада кылды.

"Мени эң көп тынчсыздандырганы - өзгөчө кырдаал аяктагандан кийин мектептердин калыбына келтирилбей калышы. Балдар мектепке барбай калган ар бир күн - алардын келечегинен ажыраган бир күн",- деди ырчы журналисттерге.

Эске салсак, 10-августта Колумбияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Кырсыктан жүздөгөн адам каза болуп, миңдеген киши жаракат алган. Ошондой эле үйлөр, ооруканалар, мектептер жана башка инфраструктуралар олуттуу зыянга учураган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: