Ошто жаңы эс алуучу жайлар шаардыктардын колдонуусуна бериле баштады
Ош шаарында жыл башынан бери 15 жаңы сейил бак жана эс алуу жайы курулду. Бул тууралуу кечээ, 18-августта мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Абакир уулу Төрөбек көчөсүндө, Увам каналынын боюнда дагы бир жаңы парк пайдаланууга берилди. Аянты дээрлик 1 гектарды түзгөн эс алуу жайы тургундар үчүн бардык шарттар менен жабдылып, өзгөчө дизайнда жасалган.
Буга чейин каналдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, корук зонасы бошотулган. Жаңы парк эми шаар тургундарынын эс алуусуна кызмат кылат.
Ошто жаңы эс алуучу жайлар шаардыктардын колдонуусуна бериле баштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















