Ушинтип да алдайбы? Бишкектикти сызга отургузган жаран кармалды
Бишкекте өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал жабырлануучунун ишенимине кирип, анын менчигиндеги батирди убактылуу өз атына өткөртүп, андан соң батирди башкага сатып жиберген. Натыйжада арыздануучу 4 миллион 810 миң 892 сом чыгым тарткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















