super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 12 атайын унаанын ачкычы тапшырылды

 

Бүгүн, 19-августта Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 12 атайын кызаттык унаа тапшырылды. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышканын президенттик администрациядан билдиришти.

Маматканов ата мекендик фармацевтика өнөр жайынын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы дагы белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө фармацевтикалык продукциянын өндүрүш көлөмү 1,7 эсеге өстү.

"12 атайын унаанын 6сы мамлекет башчысы тарабынан берилди. Өзүнүн автопаркы түзүлгөнгө чейин ташуулардын олуттуу бөлүгү жеке транспорт уюмдарынын жардамы менен ишке ашырылып келген", - деп белгиленди маалыматта.

Ошондой эле Маматканов алдыдагы мезгилде саламаттык сактоо тутумунун өзгөчө жоопкерчилигин белгиледи. Анткени 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгынын алкагында жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: