super.kg logo

Бишкекте чет өлкөлүк жаран милиционерге пара берип жаткан жеринен кармалды

 

Бишкек шаарынын Октябрь районунда чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерине 300 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.

Октябрь РИИБдин маалыматына караганда, окуя 10-августта «Нелегал» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө болгон. Анда 1983-жылы туулган Ю.Л. аттуу чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагында болуу эрежелерин бузганы аныкталган.

Ага карата протокол түзүү маселеси каралып жаткан учурда, ал милиция кызматкерине протокол түзбөө үчүн 300 доллар сунуштаган.

Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү акчаны милиция кызматкеринин кызматтык бөлмөсүндө берип жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда. Милиция мамлекеттик кызматкерге жеке кызыкчылыгын чечүү максатында пара берүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: