Казакстандагы жол кырсыгынан 2 кыргызстандык каза тапты
Казакстанда катталган жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каргаша 3 күн мурун, тагыраагы, 17-августта Караганда облусунун Шет районунун аймагында болгон. Кырсыкттан 63 жана 52 жаштагы кыргызстандыктар каза болушкан. Мындан тышкары 60 жаштагы Кыргыз жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда ал дарыланууда.
Аталган факт боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















