super.kg logo

ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

 

Бүгүн, 20-августта, ички иштер министри Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдында аппараттык кеңешме өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында алдыда өтө турган чет өлкө президенттеринин расмий сапарлары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Министр тиешелүү жетекчилерге иш-чараларды коопсуз өткөрүү, укук бузуулардын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Белгиленгендей, аталган иш-чаралар өтүп жаткан учурда ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Кызматкерлерге мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, ошондой эле жарандар менен сылык мамиле түзүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: