Улан Маматканов мамлекеттик тил жөнүндө иштердин аткарылышы менен таанышты
Бүгүн, 20-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамын, ошондой эле мамлекеттик тил саясаты жаатындагы министрлер кабинетинин тиешелүү токтомдорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, Маматканов "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун, Окуу-маалымат жана котормо борборунун, ошондой эле "Кыргыз тили" гезитинин редакциясынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынтыгында Улан Маматканов мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн практикалык ыкмаларын кеңейтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кыргыз тилин практикада колдонуунун деңгээлин жогорулатуу, тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, терминологиялык жана котормо иштеринин сапатын жогорулатуу, ошондой эле "Кыргыз тили" гезитинин ишин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















