Принц Гарри менен Меган Маркл Улуу Британияга кайтып келет
Принц Гарри жана анын жубайы Меган Маркл АКШдан Улуу Британияга кайтып келүүнү пландап жатышат. Чет элдик басылмалар билдиргендей, түгөйлөр айдын аягына чейин Лондондун сыртындагы жеке резиденцияга көчүп барышы мүмкүн.
Жубайлардын балдары 7 жаштагы Арчи жана 5 жаштагы Лилибет жергиликтүү мектепке кабыл алынып, сентябрда окуусун баштай турганы айтылууда.
Чарльз III падышасы алардын кайтып келүү чечими тууралуу кабардар болгон жана үй-бүлөсү менен көбүрөөк жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кубаттаган. Бирок Гарри менен Меган королдук үй-бүлөнүн расмий милдеттерине кайтышпайт, алар жеке адамдар бойдон калышат.
Эске салсак, бул жубайлардын 2020-жылы королдук милдеттеринен баш тартып, АКШга көчүп кеткенден берки Улуу Британияга биринчи туруктуу кайтып келүүсү болмокчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















