Кыргызстанда 1208 чакырым жолго асфальт төшөлдү
19-августка карата өлкө боюнча 1208 чакырым жол асфальтталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. 2025-жылдын ушул мезгилинде 597 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, быйыл бул көрсөткүч 611 чакырымга көбөйдү.
Учурда өлкөнүн бардык аймактарында жолдорду куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштери уланып жатканы маалыматта кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:02
2026-08-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















