super.kg logo

Депутаттар Өзгөндөгү социалдык объектилердин курулушун текшеришти

 

Бүгүн, 20-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жылдыз Эгенбердиева жана Азамжан Жалилов Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү алгач Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кызыл-Кырман айылында курулуп жаткан №43 И. Базаркулов атындагы 275 орундуу мектептин абалы менен таанышты. Сметалык баасы 233 миллион 206 миң сомду түзгөн мектепте заманбап класстар, ашкана, спорт зал, маданий иш-чаралар үчүн зал жана сырткы спорт аянтчалары каралган.

Курулуш иштери 2025-жылы башталган. Мектепти жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү пландалууда. Депутат Улугбек Ормонов эски мектептин имараты бузулганын эске салып, жаңы имаратты сентябрга чейин бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, депутаттар Өзгөн шаарындагы райондук жалпы дарыгердик практикалык борбордун жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Долбоордун сметалык баасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзөт. Курулуш 2025-жылдын октябрь айында башталган.

Объектти 31-декабрга чейин бүткөрүү пландалганы менен долбоорго киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам курулуш иштери создугуп жатканы айтылды. Эл өкүлдөрү жооптуу жетекчилердин маалыматын угуп, каражаттын максаттуу пайдаланылышына жана жумуштардын аткарылышына байланыштуу сын-пикирлерин билдиришти.

Жооптуу органдарга бир жуманын ичинде курулуштардын жүрүшү боюнча так маалымат берүү жана иштерди тездетүү тапшырмасы коюлду.

Иш сапардын алкагында депутаттар Төрт-Көл айыл аймагынын Кыймыл айылындагы тургундар менен да жолугушуп, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: