VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алса болот?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 1–6-сентябрдагы билет талап кылынган иш-чараларына билеттерди онлайн жана оффлайн сатып алууга болот.
Маданият министрлиги билдиргендей, онлайн билетти nebs.gov.kg расмий сайтынан катталып, иш-чараны жана орунду тандап, сатып алууга мүмкүн. Төлөмдү Visa, MasterCard, Элкарт жана ELQR аркылуу жүргүзүүгө болот.
"27-августтан тарта билеттер Чолпон-Атадагы "Рух Ордо" комплексинин кассасында, ат майдандагы эки расмий түйүндө жана Бостери айылындагы "Дордой Номад" амфитеатрында сатылат. Ал эми Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз. Электрондук билеттин QR-кодун башка адамдарга бербөө жана социалдык тармактарга жарыялабоо сунушталат", - деп белгиленген маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















