Аял джиу-джитсу ыкмасы менен аюуга каршылык көрсөттү
18-августта Аляскада жашаган аял салмагы 350 килограммдан ашкан күрөң аюунун чабуулунан джиу-джитсу ыкмасын колдонуп аман калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Кейтлин Лейн, Кодиак шаарына жакын Беллс-Флэтс аймагында ити менен сейилдеп жүргөн. Лосось балыгы көп кездешкен суунун жанынан күтүүсүздөн аюуга жолуккан.
Аюу аялга атырылганда, Лейн тик боорго чыгып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда анын ити аюунун көңүлүн буруп, аялга ыңгайлуу абалга келүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Аюу кайра жакындаганда Лейн чалкасынан жатып, буту менен анын бетине тээп жиберген. Мындай ыкмадан кийин аюу артка чегинген.
Ал аюуну күнөөлөбөй турганын айтып, окуяны балдарын коргогон эненин табигый реакциясы катары баалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















