Актриса Анна Хилькевич кызына арстан белек кылды
Бүгүн, 21-августта "Универ" сериалынын жылдызы Анна Хилькевич 8 жаштагы кызы Анна-Марияга өзгөчө белек тартуулады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдады.
Актриса кызына сафари-парктагы 3 айлык арстанды белекке берип, аны камкордукка алууга мүмкүнчүлүк түзгөн.
Кызы арстанды өзү тандап, ага да Анна-Мария деген ысым берген. Жаныбар сафари-паркта жашай берет. Кыз анын чоңоюшуна көз салып турат.
Хилькевичтин айтымында, мындай белек тандоого кызынын жаныбарларга жана жаратылышка болгон сүйүүсү себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















