super.kg logo

Эдуард Кубатов Корумдуда жоголгон альпинисттер тууралуу маалымат берди (видео)

 

Корумду чокусунда каза болгон үч альпинисттин сөөгү табылганы расмий түрдө аныкталды. Аларды тоодон түшүрүү үчүн 20-25 адамдан турган топ тартылышы мүмкүн.

Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатовдун айтымында, альпинисттер аска-зоодо аркан үзүлүп кеткенден улам каза болушкан. Учурда каза болгондордун сөөгүн түшүрүүгө аба ырайы тоскоолдук жаратууда. Аба ырайы жакшырганда ӨКМдин куткаруучулары, Туризм департаментинин өкүлдөрү жана тажрыйбалуу альпинисттерден турган топ куткаруу ишине киришет.

"Бул абдан татаал операциялардын бири. Бир адамды түшүрүү үчүн 7-8 альпинист керек. Ал эми үч альпинисттин сөөгүн түшүрүү үчүн 20-25 адамдан турган топту жөнөтүшүбүз зарыл", - деди Кубатов.

Эске салсак, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлгөн. Алар Беларустан келген Максим Полянский, Николай Свиридов жана Литвадан келген Сергей Рубцов. Альпинисттер 2-августта акыркы жолу байланышка чыгышкан.

7-августтан тартып издөө иштери башталган. 16-августта альпинисттерге таандык буюмдар табылган. Ал эми 17-августта чокудагы муздар эрип, аба-ырайы тоскоолдук жараткандыктан издөө иштери токтотулган. Издөөнүн экинчи этабын августтун аягында же сентябрда өткөрүү пландалууда.









Корумдудагы альпинисттердин сөөгүн түшүрүүгө 25 кишиге чейин тартылат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: