Шаар менен жаратылыштын айкалышуусу: Клубдук турак жай деген эмне жана ал эмне үчүн Бишкекте популярдуу болуп жатат?

Борбор шаардагы кадимки батирде жымжырттык, таза аба жана мейкиндик жетишсиз болуп бара жаткандай. Шаар кеңейип, курулуштар жыш болуп жатканда ээн-эркин жашоого болгон каалоо күчөп барат. Бирок ошол эле маалда шаардагы жашоодон баш тартып, дачага же борбордун чет жагына көчүүгө көпчүлүк даяр эмес: жумуш, мектептер жана көнүмүш жашоо ыргагы жарандарды шаардан алыстатпайт.
Бишкекте мындай суроо-талапка акыркы жылдары популярдуулугу артып жаткан клубдук турак жай комплекстери жооп берүүдө. BRK Group компаниясынын «Байтик» клубдук турак жай комплекси дал ушундай форматка эң сонун мисал боло алат.

Клубдук турак жай деген эмне?
Клубдук турак жай комплекси — бул айлана-тегереги тосулган аймакта жайгашып, турак жайлардын саны чектелүү болуп, жашоочуларга ыңгайлуу шарттар жана ички инфраструктурасы алдын ала ойлонулган комплекс. Үйлөр аз кабаттуу болгону, жеке короолор, жашылдандырылган аймак жана кошуналардын аздыгы борбордо эмес, шаар четиндеги кварталда жашагандай таасир калтырат. Бул кадимки батир да эмес жана аймактагы коопсуздукка, инженердик тармактарга, үйгө кам көрүүнү талап кылган дача да эмес.
Клубдук формат эки варианттын тең артыкчылыктарын айкалыштырат: шаарга жакын туруп эле шаар сыртындагы жашоого окшогон кеңири мейкиндик болот.
Бишкек шаарында бул өзгөчө актуалдуу. Бийик кабаттуу үйлөрдүн көптүгү абанын табигый айланышына тоскоол болуп, кыш мезгилинде борборду каптаган кара түтүн менен ыш шаар турмушунун бир бөлүгүнө айланууда. Жашоочулардын саны аз болуп, таза абага кеңири мүмкүнчүлүк берген турак жайлар комфортко болгон сууро-талапты гана эмес, ден соолукка кам көрүү зарылдыгын да эске алат.

«Байтик» клубдук турак жай комплекси
BRK Group компаниясынын «Байтик» комплекси Байтик айылында жайгашкан. Ал жерде транспорттук каттам жеткиликтүү, шаардын өнүккөн инфраструктурасына жакын жана айлана-тегереги жашылдандырылганы менен өзгөчөлөнүп турат. Жакын жерде «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркы жана лыжа базалары жайгашып, Бишкекке чейинки жолдун аралыгы болжол менен 15 мүнөттөй болот.
Жалпы 3,7 гектар аянтта 200 батирди камтыган аз кабаттуу 7 үй курулган. Салыштырып көрсөк, шаардагы курулуш жыш болгон аймакта ушундай эле аянтка бир нече миң батирди камтыган турак жай комплекстери батат. Жер тилкенин көпчүлүк бөлүгү сейилдөөчү жайларга, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн бөлүнгөн.

Комплекстин короосу «унаасыз короо» принциби менен уюштурулган. Унаалар электромобилдер үчүн кубаттоо станциялары орнотулган, 278 орун бар жер алдындагы паркингде токтотулуп, жашоочулар короону ээн-эркин пайдаланышат. Комплекстин аймагында үч бассейн, фитнес-зал, кафетерий, ресторандар, дарыкана, барбекю зонасы жана жаш энелер үчүн атайын бөлмө болот.
Комплексте 150 метр тереңдиктеги артезиан скважинасы, жеке газ менен жылытуу системасы жана резервдик генератор сыяктуу инженердик жабдуулар бар. Фасаддар клинкерден, граниттен жана каптоочу таштан жасалып, Schüco терезелери ызы-чуудан жана температуранын кескин өзгөрүшүнөн коргойт. Комплекстин айлана-тегереги тосулуп, видеобайкоо системасы менен камсыздалып, көзөмөлдөө системасы менен жабдылган.
Бул формат кимдерге ылайыктуу?
Мындай формат биринчи кезекте короодогу коопсуздук менен тынч сейилдөөгө түзүлгөн шарт маанилүү болгон балалуу үй-бүлөлөргө ылайыктуу. Ошондой эле кадимки батирдин аянты тардык кылып, бирок жеке үйгө көчүүнү ашыкча деп эсептегендер үчүн да кызыктуу. Дагы бир аудитория — ишмердүүлүгү Бишкекке жакын болууну талап кылып, бирок күнүмдүк жашоо шарттын сапатынан баш тарта албаган ишкерлер менен адистер.

Бара-бара турак жай жөн гана аянт болбостон, жарандар күн сайын убакыт өткөрүүчү жайды тандап жатышат.
«Байтик» — бул идея иш жүзүнө ашырылып жатканын практикада көрсөткөн мисалдардын бири. Бул формат шаарга болгон жеткиликтүүлүк менен жаратылышка жакын жашоону кошо камсыздап, экөөнүн бирин тандоого мажбурлабайт.
Толук маалымат алуу үчүн байланыш жолдору:
Тел.: +996 998 555 577, +996 706 555 577
Сайт: brk.kg
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















