Жылнаама: "Мона Лиза" Луврдан уурдалганына 115 жыл болду
1911-жылдын 21-августунда Леонардо да Винчинин атактуу "Мона Лиза" картинасы Париждеги Лувр музейинен уурдалган.
Италиялык уста Винченцо Перуджа картинаны дубалдан алып, жумушчулардын халатына ороп, музейден алып чыгып кеткен. Кызыгы, уурулукка чейин "Мона Лиза" негизинен искусство таануучуларга гана белгилүү болгон.
Ал эми сүрөттүн жоголушу чоң резонанс жаратып, басма сөздө бул тууралуу күн сайын маалыматтар жарыялана баштаган. Атүгүл белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассо да уурулукка шектелгендердин катарына кирген.
Массалык издөө, коомчулуктун кызыгуусу жана гезиттердин биринчи беттеринде "Мона Лизанын" сүрөтүнүн жарыяланышы картинаны дүйнөдөгү эң белгилүү чыгармалардын бирине айланткан.
"Мона Лиза" 1913-жылдын декабрь айында Италиянын Флоренция шаарынан табылып, кайра музейге кайтарылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















