"Биринчи мугалимдеги" Алтынай Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет (видео)
"Биринчи мугалим" тасмасында Алтынайдын ролу менен таанылган советтик жана орусиялык белгилүү актриса Наталья Аринбасарова Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 21-августта Маданият министрлигинен маалымдашты.
Маалым болгондой, актрисанын кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында келерин билдирген. Ал Орусиянын жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, көптөгөн эл аралык жана кесиптик сыйлыктардын ээси.
"Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын образын жаратканы үчүн 19 жашында Венеция эл аралык кинофестивалында Вольпи кубогуна татыган. Көп жылдык чыгармачылык жолунда актриса ондогон жаркын жана эсте каларлык образдарды жараткан.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Буга чейин белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин Голливуд актёру, мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон "Дракон" Уилсон эл аралык иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга келерин билдирген.
"Биринчи мугалимдеги" Алтынай Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















