Депутаттар улуттук педагогикалык форумга катышты
Бүгүн, 21-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Токтобүбү Ашымбаева менен Салтанат Аманова Бишкектеги «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өткөн «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аттуу улуттук педагогикалык форумга катышты.
Агартуу министрлиги уюштурган форум мектептик билим берүү системасын жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүү багытындагы иштерди талкуулоого арналды.
Иш-чарада билим берүү тармагынын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары, мамлекеттик колдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана алардын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, форумдун алкагында «Жаңы окуу жылына карата чечимдер» темасында панелдик дискуссиялар өткөрүлдү.
Форумга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган министрлер, облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана аймактардан келген 400дөн ашуун мугалим, мектеп директору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин жетекчилери катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















